Суббота, 21 сентября

Криштиано Рональду жүз жылдын эң мыкты оюнчусу деп табылды

0

Португалия курама командасынын чабуулчусу жана Италиялык «Ювентус» клубунун оюнчусу Криштиано Рональду Дубайда өткөн  жылдык сыйлык тапшыруу аземи Globe Soccer Awardsда жүз жылдын мыкты футболчусу наамын алды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жекшемби күнү, 27-декабрда белгилүү болду.

Сурамжылоонун жыйынтыгында Рональду 38% добуш алган.

Экинчи орунга Испания клубу “Барселонанын” легендарлуу оюнчусу Лионель Месси (24%), анын артынан 23% добуш менен “Ливерпуль” клубунун чабуулчусу жана Египед курама командасынын футболчусу Мохамед Салах чыгышты.

Globe Soccerдин көрүшүнө ылайык 2020-жылдын эң мыкты оюнчусу Мюнхендик “Бавариянын” көзгө басар оюнчусу Роберт Левандовский болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз