Понедельник, 6 мая

Министрлик: Орусияга экспорттолуучу товарлар милдетүү маркалоодон өтүшү керек

0

2021-жылдын 1-январынан тарта Орусиянын аймагына киргизилген жеңил өнөр жай товарлары милдеттүү маркалоодон өтүшү керек. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим 2019-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешмесинде кабыл алынган.

Маркалоодон өтүүчү товарлар:

— таза жана аралаш булгаары кийим-кечек;

— аялдардын блузкалары;

— пальто, плащ, күрмө сыяктуу эркектердин кийимдери;

— пальто, плащ, күрмө сыяктуу аялдардын кийимдери;

— кездемеден тигилген шейшеп, сүлгү, майлык сыяктуу чарба буюмдары.

Мындан улам Экономика министрлиги ата мекендик экспорттоочуларга текстилдик товарларды алып чыгуудан мурда маркалоо маселелерин чечип, Орусиядагы импортчулар менен маселени такташып алууну сунуштоодо.

Буга чейин Экономика министрлиги менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети «Легпром», JIA ассоциациялары менен жыйындарды өткөрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

Маркалоонун максаты — Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз