Понедельник, 6 мая

Шайлоочулардын эсине: бүгүн каттоону алмаштыруунун акыркы күнү

0

Бүгүн катталган аймагынан башка жакта жашаган жарандар президенттик шайлоого жана референдумга катышуусу үчүн каттоосун алмаштыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланды.

Боршайкомдун буга чейин тараткан маалыматына ылайык, жаңы үлгүдөгү ID карта паспорту барлар Калкты тейлөө борборлоруна барса, адистер тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берет. Ал эми эски үлгүдөгү ID карта болсо, аны жаңылаш керек болот.

Буга чейинки шайлоолордо каттоосу башка аймактагы жарандар №2 форма документи аркылуу башка жерден добуш берип келишкен. Өз учурунда бул документ чоң талкуу жараткан.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз