Вторник, 14 мая

Өмүрбек Текебаев фракция лидерлигин тапшырды

0

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракция жетекчилигин өз ыктыяры менен тапшырып берди. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 5-январда, «Ата Мекен» фракциясынын кезексиз жыйыны болуп, Текебаевдин ордуна фракция лидери болуп Айсулуу Мамашова шайланды. Ал эми анын биринчи орун басарлыгына Наталия Никитенко бекитилди.

Белгилей кетсек, Мамашова ушуну менен фракция лидерлигине экинчи ирет шайланып жатат. Бул орунга алгачкы ирет 2019-жылдын декабрь айында дайындалып, кайра узаган жылдын октябрь айында Текебаев мандат алгандан кийин өткөрүп берген болчу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз