Воскресенье, 5 мая

Аксы районунун акими кызматынан бошотулду

0

Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койгон.

Эскерте кетсек, 2-январь күнү Жалал-Абад облустук башкармалыгынын алдына митингге чыккан 300гө жакын адам райондук милициянын башчысы менен акимдин кызматтан кетишин талап кылышкан.
4-январь күнү 200дөй адам кайрадан нааразычылык акциясына чыгып, Жалал-Абадда Кербен — Ала-Бука жолун тосуп алышкан. Ушул эле күнү кечке жуук Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Шекербек Таңгиров кызматынан алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз