Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого ат салышып жаткан талапкерлер 9-январда эртең менен саат 8:00дөн тартып үгүт иштерин токтотууга тийиш. Ошол учурдан тартып шайлоонун жүрүшүндөгү «жымжыртык күнү» башталат. Ал күнү үгүт жүргүзгөндөр мыйзам бузду деп табылат.
«Жымжырттык күнүндө» эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген жарнактар кала берет. Аларды алып салуу жөнүндө талап жок.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өткөрүлөт. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.