Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү аяктап жаткан чагы. Фырат мырза мындан ары өлкөсүнүн Польшадагы элчиси катары кызмат кылмакчы. Үч жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда Түркиянын элчиси болуп келген Женгиз Камил Фырат менен кыргыз-түрк мамилеси, эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы, боордош кыргыз жана түрк элдеринин карым-катнашы жөнүндө маектештик.
— Фырат мырза, Кыргызстандагы ишмердүүлүгүңүз аяктап жатыптыр. Өзүңүз элчи катары өткөргөн үч жылды кандай баалар элеңиз? Кандай жетишкендиктер болду?
— Кыргызстанда жалпысынан үч жыл эмгектендим. Бул үч жыл аябай маңыздуу болду. Бирок өкүнүчтүүсү акыркы жылы коронавируска байланыштуу пандемиянын айынан айрым пландарыбызды ишке ашыра албай калдык. Үч жылда эмне иштерди кылганыбызга карай турган болсок, эң маанилүүсү эки өлкөнүн мамлекет башчылары бири-бирин зыярат кылды. Кыргызстандын президенти Түркияга барды, Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайиип Эрдоган болсо, Кыргызстанга келди. Эң маанилүү иш-чаралардын бири катары эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйынын өткөрдүк. Бишкекте Түрк кеңешинин жыйынын уюштурдук. Экономикага байланыштуу маанилүү иш-чаралар болду. Эки өлкөнүн министрлеринин бири-бири менен жакындан таанышуусуна шарт түзүп бердик.
Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы иштей баштады. Коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алды. Пандемиядан кийин да бул оорукана өз ишмердүүлүгүн улантмакчы. Республика боюнча көптөгөн эмкана жана бала бакчаларды оңдоп чыктык. Жубайымын демилгеси менен Кыргызстанга алгачкы Маммографиялык көчмө борборду алып келдик. Азыр ал көчмө борбор республиканын ар бир районун кыдырып, рак оорусунун алдын алууда аялдарга кызмат көрсөтүп жүрөт. Майып балдарга жардам берүү боюнча көптөгөн проекттерди ишке ашырдык.
Мындан сырткары Кыргызстандагы эң чоң мечит болуп эсептелген Республикалык “Имам Сарахси” мечитин куруп кыргыз элине белек кылдык. Азыр ал мечит миңдеген мусулман бир туугандарыбыздын ибадат кылуусуна мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде медициналык факультетти куруу боюнча пландарыбыз бар эле. Баарыбыз чогуу медициналык факультеттин капсуласын салдык. Жаңы дайындалган ректордун көзөмөлүндө бул иш улантылмакчы.
ТРТ АВАЗ каналы Кыргызстанда көрсөтүлө баштады. ТРТ АВАЗ каналы Орто Азия өлкөлөрү арасында жалгыз гана Кыргызстанда жергиликтүү толкундар аркылуу көрсөтүлүүдө.
Түркия Маариф Фонду да кыргызстанда ишмердүүлүгүнө баштоодо. Келишимдерге кол коюлду. Бул ийгиликтүү проект болот деген ишеничтебиз. Кыргызстанга мыкты мектептерди тартуулайбыз деген үмүттөбүз.
2020-жылы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйынын Түркияда өткөрөлү деп пландаштырган элек. Бирок пандемиянын айынан 2021-жылга жылдырууга туура келди. Ошол эле мезгилде Ыссык-Көл Бизнес форумун өткөрүү максат кылынган болчу. Аны дагы жылдырып турууга туура келди. Дарядыктар бүткөн соң жайында Ыссык-Көлдө өткөрөбүз деген ойдобуз. Көчмөндөр оюну да Түркияда өткөрүлмөкчу эле. Ал да 2021-жылы күз айларында Түркиянын Бурса областында өткөрүлөт. Ошондой эле Юнус Эмре институтунун Кыргызстанда иш алып баруусу пландалууда. Бул иш-чаралардын баарына дарядык көрүлгөн. Жалпысынан айтканда Маариф фонду, Түрк аба жолдору, ТИКА, ТРТ, Түрк Кызылай, YTB сыяктуу түрк мекеме жана уюмдары Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Ошондуктан Кыргызстан менен аябай жакын жана терең мамилебиз бар.
— Сиз элчи болуп турган үч жылдын ичинде Кыргызстан менен Түркиянын алакасы кайсыл деңгээлге чыкты?
— Мен бул кызматка келген учурда 2016-жылы 15-июлда болуп өткөн окуялардын таасири бар эле. Бул нерсе Түркия менен Кыргызстандын мамилесинде байкалып турган. Кандайдыр бир деңгээлде пассивдүүлүк бар эле деп айтасак болот. Бирок эки өлкөнүн жетекчилеринин бирин бири зыярат кылуусу менен бул нерсе жоюлду. Заматта проекттерди ишке ашыруу, мамилелерди бекемдөө, инвестиция салуу жараяндары башталды. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылында Түркия Кыргызстандын экономикасына аябагандай чөң инвестиция салды. Шератон отелинин курулусу сыяктуу түрк капиталы менен салынган инвезтициялар аябай эле көп. Бул нерсени Түрк мамлекети түздөн-түз колдоодо. Кыскасы мурдагыдай пассивдүүлүк азыр жок. Пассивдүү болгон 2-3 жылдан кийин өз-ара мамилелерди калыбына келтирүү, иш-чаралардын планын бекитүү жана мамилелерди өркүндөтүү боюнча керектүү негиздерди түптөдүк.
— Кыргызстанга келээрден мурда сиз ойлобогон, бирок келгенден кийин сизди таң калтырган нерсе эмне болду?
— Биз келгенден кийин бул жерде бизди таң калтырган көп нерсе деле болгон жок. Кыргызстандын кандай кооз өлкө экендигин түрктөр жакшы билишет. Ансыз деле түрктөр менен кыргыздар бири-бирине аябай окшош элдер да. Биздин керек болсо генибиз да окшош. Түпкүрубүз бир. Кыргыздар мага минтип айтышты: “түрктөр атты минип батышты карай кетишти, ал эми кыргыздар болсо, атты жеп бул жерде калышты”.
Биз үй-бүлөбүз менен Кыргызтандын тоолору, өрөөндөрү, дарыялары, көлдөрү ушунчалык кооз деп ойлободук эле. Кыргызстандын адамды өзүнө тартып турган табигый сулуулугу бар. Ал эми кыргыз эли болсо, айкөл эл. Аябай мыкты эл. Кыргызстанда биз көрбөгөн жер калган жок окшойт. Анча-мынча кыргыз көрө элек жерлерди көрдүк.
— Кыргыз элинин кайсы мүнөзү сизге жакты?
— Кыргыздар достукка бекем эл болуп эсептеленет. Чет элдиктерге карата ачык-айкын, ысык ымалада. Бул жагынан алып караганда да кыргыздар менен түрктөр бири бирине окшош. Бир кыргыздын үйүнө конок болуп калсаң жок эле дегенде 3 киллограммга семиресиң. Үйүндө эмне болсо баарын жедирип анан узатып коёт. Ошондуктан достуука бекем болусу, кичипейилдүүгү, жылуу мамиле жасагандыгы мени өзүнө тартты кыргыз эли. Чындыгынды булар аябай жакшы өзгөчөлүктөр.
— Польшага элчи болуп дайындалыпсыз. Кыргызстанды сагынасызбы?
-Албетте сагынам. Биз дипломаттар чындыгында көчмөн эл болуп эсептелебиз. Бүгүн бул жерде, эртең башка жерде болуп калабыз. Кесибибиз ушундай. Бирок Кыргызстан биз үчүн кыска убакыт болсо да өмүр сүргөн, досторду тапкан өлкө болуп калды. Жакшы кишилер менен таныштык, Кыргызстандын бардык жерлерин көрдүк. Ошондуктан Кыргызстанды сөзсүз сагынабыз.
— Kyrgyz News сайтынын окурмандарына эмнени калайт элеңиз?
— Жалпы кыргыз элине, анын ичинде Kyrgyz News сайтынын окурмандарына 2021-жылдын жакшылыктарды алып келүүсүнө тилектешмин. Ден-солук, бакыт-таалай, бейпилдик, коронавирус делген балээден алыс болууну калайм. Кыргызстан жалгыз эле коронавирус эмес, октябрь айында болгон окуялардын айынан оор жылды башынан өткөрдү. Буйурса алдыдагы жараянда Кыргызстан саясий жактан турукташып, экономикалык жактан да туруктуу өнүгүүгө өтөт деген ойдомун. Кыргызстанда бейпилдик өкүм сүрсүн деп тилеймин. Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси мындан да өнүгөт деген ишеништемин.