Пятница, 17 мая

Коронавирус дагы эки өмүрдү алды

0

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда өлкөдө бул илдетти жугузуп алгандардын расмий саны 81 991 адамга жетти. Алардын 77 547си бул оорудан айыкты. Соңку бир күндө айыккандардын саны 171 адам болду.

Коронавирустун жаңы түрү Кыргызстанда 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1365 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы аймактар боюнча төмөндөгүдөй:

Бишкек шаарында– 77;

Ысык-Көл облусунда — 24;

Чүй облусунда – 21;

Жалал-Абад облусунда — 17;

Ош облусунда — 16;

Нарын облусунда — 5;

Талас облусунда – 3;

Баткен облусунда – 2.

Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз