Пятница, 19 апреля

Президенттин кызматка киришүү аземи февралда болот

0

10-январдагы кезексиз шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң андан утуп чыккан адам ишке кирише алат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, мамлекет башчынын кызматка киришүү аземи шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгы добуштар кол менен эсептелгенден кийин, даттануулар каралып, соттордо бардык талаш-тартыштар чечилгенден кийин чыгарыла тургандыгын кошумчалады.

Ал шайлоонун жыйынтыгын эсептөө мөөнөтү төрттөн бирине кыскара турганын, жыйынтык 24-январдан кечиктирилбей жарыялана тургандыгын айтты..

Ошентип, президенттин инаугурациясы 2021-жылы февралда болот.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз