Анкаранын Калежик районунда күчү 4.5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар агенттиги (AFAD) маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү саат 22:52де, 12 чакырым тереңдикте болгондугу аныкталды.
Анкаранын губернатору Васип Шахин Твиттер баракчасында азырынча курман болгондор жана кыйроолор жөнүндө маалымат түшө электигин жазган.