Суббота, 20 апреля

Кыргызстанда парламенттик шайлоо май айында өткөрүлөт

0

Парламенттик шайлоо май айында өткөрүлөт. Бул тууралуу кечээ, 10-январда Садыр Жапаров маалымат жыйынында кабарлады.

“Административдик ресурстарды колдонуу, добуштарды сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга жол бербейбиз. Мындан ары бардык шайлоо таза өтөт. Мен биринчи бийликке келгенде “блокчейн” системасын орнотобуз деп айткам. Бүгүнкү күндө бул система БШКга орнотулган. Шайлоо ошонун негизинде өттү. Кудай буйруса, кийинки беш жылдыкта ар бир урнага “блокчейн” системасын орнотуп, чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз смартфонунан эле добуш бергендей системага жетебиз”, – деп билдирди Жапаров. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз