Пятница, 26 апреля

Африкада «сырдуу ооруудан» 62 адам каза болду

0

1-9-январь аралыгында Конго Демократиялык Республикасында «табышмактуу оорудан» улам 62 адам көз жумду.

Улуттук басма сөздө орун алган жаңылыктарда, өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Бикенге аймагында 10 күндүн ичинде жогорку температура, суусуздануу жана аз кандуулук белгилерин көрсөткөн 62 адамдын каза болгондугу белгиленди.

Саламаттык сактоо кызматкерлери, негизинен 5 жашка чейинки балдар жабыркаган «сырдуу оорунун» так себеби аныктала электигин билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз