Воскресенье, 19 мая

Алексей Навальный Шереметьево аба майданында кармалды

0

 Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Берлинден Москвага учуп келгенде полиция аны аэропорттон кармап кетти. Анын адвокатына чогуу барганга уруксат берилген жок.

Ал паспорттук көзөмөлдөн өтөрдүн алдында журналисттерге кыскача комментарий берип, өзүнө каршы козголгон кылмыш иштеринен коркпой турганын айтты.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастады. Өткөн аптада аталган мекеме саясатчыга федералдык издөө жарыяланган эле.

Навальный түшкөн учак «Внуково» аэропортуна эмес «Шереметьевого» конгон. «Победа» авиакомпаниянын басма сөз кызматы мындай жагдайды аталган аэропорт техникалык себептерден улам убактылуу жабылганы менен түшүндүргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз