Воскресенье, 19 мая

БШК: Ош шаарындагы 3 шайлоо тилкесиндеги добуштар кайра саналат

0

Боршайком Ош шаарындагы № 5319, 5320, 5559 тилкелериндеги добуштарды кайра санайт. Жыйын 20-январда болорун БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тилкелерде добуш берүүдө мыйзам бузуулар болгону тууралуу президенттикке талапкерлигин койгон Курсан Асанов арыз жазган.

БШКнын маалыматына караганда, Асанов өзү үчүн добуш берген кишилердин аты-жөнүн сунуш кылып, бирок алардын саны аталган тилкелердеги добуштарга дал келбей жатканын билдирген.

Курсан Асанов шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдирген.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, 17 талапкердин ичинен Курсан Асанов 0,49% добуш алган. Расмий жыйынтык азырынча чыгарыла элек.

19-январда БШК айрым добушканаларда катталган жарандар менен үкөктөгү бюллетендердин саны дал келбегендиктен, ал шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктарды жокко чыгарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз