Воскресенье, 19 мая

Парламент Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан четтетти

0

Парламент Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан четтетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Судья декабрь айынын аягында камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

УКМКнын билдиришинче, тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы ал көптөгөн кыймылсыз мүлк сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык үйлөрү, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда коттедждери, соода борборлорунда коммерциялык объектилери жана люкс-класстагы автоунаалары бар. Булар декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталган.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калмаматов президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Осмоналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жарыялаган. Сунуш Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын Камил Осмоналиевди жоопко тартуу жана аны кызматтан алуу жөнүндө чечиминин негизинде кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен Жогорку соттун судьясын кызматтан бошотууга укуктуу. Ал эми президент болсо жергиликтүү сотторду гана кызматынан бошото алат.

Бүгүнкү парламенттин кезектеги сессиясында  судьялык кызматка Мамытов тарабынан көрсөтүлгөн Дамирбек Назаровдун талапкерлиги тандалды. Көпчүлүк добуш менен Жогорку сотко судья болуп дайындалган Дамирбек Назаров сессияда ант берди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз