Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумдун расмий жыйынтыгынын протоколун бекитти.
Анда 1 млн. 136 миң 155 шайлоочу (81,49%) «президенттик республика» башкаруу системасына добуш берген. «Парламенттик республика» вариантын колдогондордун саны – 152 081 (10,91%) болду. «Баарына каршы» 62 265 (4,47%) жаран добуш берди.
Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. 395 миң 513 киши шайлоого келди. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт.
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 37-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамдын 7-18-беренелерине ылайык, БШК Кыргызстан башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды.