Понедельник, 6 мая

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө июнь айына чейин жасалбайт

0

Кыргызстанда ушул жылдын июнь айына чейин коронавируска каршы вакцина жасалбайт. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Твиттер баракчасына жазды.

«Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, COVAX программасынын негизинде 15 миң кишиге ченелген 30 миң доза Pfizer вакцинасы сунушталды. Бирок министрлик аны -70 градуста сактоо үчүн 2 миллион долларга муздаткыч сатып алууну максатсыз деп эсептеди. Дагы 7 вакцина боюнча сунуштар болот. 2021-жылдын июнь айына чейин вакцинация болбойт”, — деп жазат вице-премьер.

Буга чейин Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталганы айтылган болчу. Бирок аны сактоо шартынын кыйынчылыгынан улам вакцинаны алып келүүдөн баш тартылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз