Бүгүн, 22-январга карата өлкөдө коронавирус илдети 118 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 47, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 23, Ош облусунан – 10, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 14 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 83 703 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 155 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 79 664кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 58, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 46, Ош облусунан – 13, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 19, Жалал-Абад облусунан – 11, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 3 киши каза болду. Вирустан каза болгондордун жалпы саны 13926га жетти.