Пятница, 17 мая

Pfizer вакцинасын сактоо үчүн керектүү муздаткычтарды USAID бермей болду

0

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын бийлигине америкалык Pfizer компаниясынын жана германиялык BioNTech фирмасынын COVID-19га каршы вакциналарын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 21-январда өткөн парламенттин отурумунда маалымдады.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 1 млн 200 миң дозасы акысыз бөлүнгөн. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин өлкөдө аларды сактоо үчүн муздаткычтар жок экенин билдирген. Вакцина -70⁰ температурада сакталышы керек.

«Канча муздаткыч жана канча 0,3 мл шприцтер керек экенин эсептеп бердик. Алар бизге 1,2 млн дозага акысыз беришет. Биз алар менен сүйлөштүк. Июнь айына бул муздаткычтар келип калат», — деди министр.

Буга кошумча, 1,2 млн доза Кыргызстандын калкы үчүн жетишсиз болгондуктан бийлик мындан тышкары Орусиянын «Спутник V» вакцинасына да билдирме жибергендигин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз