Пятница, 3 мая

Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголду

0

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Абдил Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схема боюнча шек саналууда.

Мекеменин билдирүүсүндө «Сегизбаев коррупциялык схема аркылуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерди башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуш жүргүзгөн. Андан кийин аны кылмышын жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон» деп жазылган.

Ошондой эле УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын туугандары «К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова жасалма, мыйзамсыз документтер менен каза болгон, чет жакта жүргөн жарандарга үлүш катары берилген 18,46 гектарлык 92 жер тилкесин менчикке өткөрүп алган» деп айтылат.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, айыл чарба багытындагы бул жерлерге салыктар төлөнбөгөнү, жайыт жерлерге уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөнү жана электр энергиясы берилгени аныкталган.

Топтолгон материалдар 20-январда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иши баштатылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз