Понедельник, 6 мая

USAID Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сактоо үчүн муздаткычтарды сатып бербейт

0

USAID Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды сатып бербейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул жарыяны жаңылыш жасап алган.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин парламентте ойлонбой айтып алган сөздөрү үчүн кечирим сурайт. USAID муздаткычтар боюнча өз жардамын сунуштабаганы такталды. Саламаттык сактоо министри жаңылышып калган», — деп жазды ал.

Эске сала кетсек, кечээ министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин отурумунда USAID Кыргызстанга коронавируска каршы 1 миллион 200 доза Pfizer вакцинасын сактоого эсептелген муздаткыч жана шприцтерди сатып берерин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз