Воскресенье, 19 мая

Сутка ичинде коронавирус 93 адамдан аныкталды

0

 Кыргызстанда бир суткада коронавирус 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 37 адамдан, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 21, Талас облусунда – 2, Жалал — Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 108 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавирустан жалпы 1 миң 398 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда – бир, Ысык-Көл облусунда – бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 689 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 6 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен 1, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 164 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 72 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 796 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 772 киши айыгып чыкса, 1 миң 398 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз