Пятница, 22 ноября

COVAX быйыл аз кирешелүү өлкөлөргө 1,8 миллиард доза вакцина таратууну пландаштырууда

0

 Pfizer жана BioNTech компаниялары, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан аз кирешелүү өлкөлөргө вакциналарды таркатуу үчүн түзүлгөн COVAX механизмине Ковид-19 вакцинасын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Euronewsтун кабарына караганда, келишимдин алкагында COVAXтын канча төлөй турганы жана канча доза берилери азырынча белгисиз, бирок көлөмү аз болоору баса белгиленди.

Маалымат булактарынын бири, Pfizer/BioNTech вакцинасынын биринчи кезекте ушул өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо кызматкерлерине бериле тургандыгын билдирди.

Pfizer/BioNTech вакцинасы өтө төмөн температурада сакталууга тийиш болгондуктан, аны ташууда атайын унаалар колдонулушу керек жана бул өзгөчө ысык климаттуу жакыр өлкөлөр үчүн анчалык деле пайдалуу эмес болушу мүмкүн экени айтылууда.

COVAX программасынын алкагында биринчи вакциналар аз кирешелүү өлкөлөргө февраль айынан баштап таратыла баштайт.

Кечээ жаңыланган божомолдорго караганда COVAX быйыл аз кирешелүү 92 өлкөгө 1,8 миллиард доза вакцина таратууну пландаштырууда.

Бул сумма ушул өлкөлөрдүн калкынын болжол менен 27%на туура келет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз