Пятница, 17 мая

Орусияда миграциялык текшерүү кайрадан күчүнө кирет

0

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги жыл соңунда орус өкмөтү кабыл алган жарлыктын негизинде, Орусияда убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктарды 15-мартка чейин миграциялык документтерди жөнгө салууга чакырууда. Элчилик Орусияда чет өлкөлүк мигранттарга коюла турган талаптар, миграциялык текшерүү кайра күчүнө кире тургандыгын айтууда.

Чек аралар жабык тургандыгына жана аба каттамдарындагы чектөөлөргө байланыштуу Орусиядан чыга албай, Москвадагы консулдукта жаңы паспорт алган мигрантттар эми мурдагы паспорт менен алынган миграциялык картаны жаңы документке алмаштырышы керек.

Эскерте кетсек, былтыр 15-марттан тартып Орусияда президенттин жарлыгы менен коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуу үчүн административдик чара көрүү токтотулган.

Ошондон кийин мөөнөтү аяктаган патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтер жокко чыгарылбай, миграциялык текшерүү кыйла азайган. Кийин бул миграциялык жеңилдиктер 2021-жылдын 15-июнуна чейин узартылары кабарланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз