Сутка ичинде коронавирус 76 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда суткада коронавирус 76 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 27 адамдан, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда — 5, Нарын облусунда – 1, Жалал — Абад облусунда — 9 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 138 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавирустан жалпы 1 миң 411 жаран көз жумган. Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 598 бейтап, амбулатордук түрдө 732 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 453 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 781 киши айыгып чыкса, 1 миң 411 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз