Воскресенье, 19 мая

Пандемия кайра башталабы?

0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) дүйнөнүн Nipah же болбосо NiV жаңы вирустун айынан кайрадан пандемияга туш болуу ыктымалдыгын айтууда. Бул тууралуу орус жергиликтүү басылмасы «Известия» жазып чыкты.

Нипах вирусу биринчи жолу 1999-жылы Малайзияда Нипах дарыясына жакын жашаган чочко багуучу фермерлерден аныкталган. Андан кийин Түштүк Азияда да 12 адам бул вируска чалдыккан.

Niv вирусу тездик менен жайылып, өлүмгө алып келүү жыйынтыгы 40-75 пайызды түзөт. Бул ооруу менен ооруган адамда эч кандай симптомсуз өтүшү да мүмкүн. Ошол эле учурда өлүмгө да алып келүүсү толук мүмкүн. Вируска каршы дары азырынча ойлоп табылган эмес.

Бул вирусту ташуучулар болуп Автралия, Жаңы Гвинея, Түштүк-Чыгыш Азия жана Кытайдын түштүгүндө кеңири тараган жемиш менен азыктанган жарганаттар болуп саналат. Мындан сырткары бул вирус Африканы байырлаган жарганаттарда да табылган. Бирок жаныбарлар өздөрү бул ооруу менен оорубайт.

Окумуштуулар адамдар бул  вирус менен ооруган чочкого жакындагандан, ошондой эле вирусту жугузуп алган жарганаттардын жеген жер-жемиштерди (эң башкысы курма жана анын ширеси) пайдалануудан жуккандыгын айтышты.

ДСУ Niv профилактикасы үчүн жарганаттардан курма дарактарын жана башка жаңы азыктарды коргоону сунуштайт. Жаңы даярдалган курма ширесин кайнатып, ал эми мөмө-жемиштерди таза жууп, колдоноордун алдында кабыгын аарчып анан пайдаланууну сунуштайт.

Мындан сырткары ДСУ вирусту башкаларга жуктурууну азайтуу үчүн колду бат-баттан жууп, жеке коргонуу каражаттарын колдонуп, башка адамдар менен физикалык байланышта болуудан алыс болууга чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз