Понедельник, 6 мая

Сурабалдиева: Коронавирус илдетинин ыктымалдуу үчүнчү толкунуна даярдыкты камсыздоо зарыл

0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева (COVID-19) коронавирус инфекциясы боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Аталган Кеңеш Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча консультативдик, илимий-аналитикалык жана методологиялык көмөк көрсөтүү жана көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө саламаттык сактоо тутумунун өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна карай даярдыгына байланыштуу маселелер талкууланды.

Саламаттык сактоо миистринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргыз Республикасындагы COVID-19 негизги чакырыктары тууралуу баяндама жасады жана көйгөйдү чечүүнүн жолдоруна токтолду.

Ошондой эле КММА проректору жана эпидемиолог Гүлмира Жумалиева оорунун алдын алуу маселеси боюнча баяндама жасады.

Ал эми вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева: «Саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус инфекциясынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна толук даярдыгын камсыздоо зарыл, мында негизги жана резервдик орундарды даярдоо, медкызматкерлерди COVID-19 алдын алуу жана дарылоого үйрөтүү жана кайрадан окутуу, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасын түзүү керек», — деди.

Мындан тышкары, Эльвира Сурабалдиева келечекте калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселеси боюнча иш улантылышы керектигине басым жасады.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоо тутумунун коронавирус инфекциясынын жайылышынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна карай толук даярдыгын камсыздоо тапшырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз