Пятница, 17 мая

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина март айынын башында келет

0

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина март айынын башында келет. Бул тууралуу 2-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

«Биз COVAX программасына кирип, кечээ күнү кайсы вакцина келерин тактап алдык. AstraZeneca деген вакцина марттын башында 504 миң доза келе турган болду».

Вакцинаны британ-швед фармацевтикалык AstraZeneca компаниясы Оксфорд университети менен биргеликте жасаган.

Буга чейин COVAX Кыргызстанга америкалык Pfizer фирмасынын препаратын сунуштап, 1,2 миллион дозаны бекер беришерин айтышкан. Бирок бул вакцинаны -70 градуста сактоо үчүн Кыргызстанда муздаткычтар жок болгондуктан баш тартылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз