Воскресенье, 5 мая

«Борбордук Азия» эл аралык соода-сатык борборун куруу иш-аракети башталды

0

 Казакстан-Өзбекстан чек арасында курулуусу пландалган «Борбордук Азия» эл аралык соода-сатык борборун куруу үчүн иш-аракеттер башталды.

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы астында чогулган Министрлер кеңешинде соода жана интеграция министри Бахит Султанов, Өзбекстан менен чектеш аймакта курулуусу пландаштырылган соода-сатык борборуна байланыштуу иштердин улантылып жаткандыгын билдирди.

Султанов, Өзбекстан чек арасында «Борбордук Азия» эл аралык соода-сатык борборунун курулуусу максатталганын баса белгилеп: «Бул борбордун долбоорун ишке ашыруу үчүн жайгашуу жери боюнча өзбек тарап менен макулдашылды. Биз жер тилкесин бөлүп бердик жана учурда инвестор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди.

Министр Султанов бул борбордун коңшу Өзбекстан менен чек ара соодасын өнүктүрүүгө салым кошуп, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз