Суббота, 4 мая

Украинада Орусия каржылаган телеканалдар жабылды

0

Украина Орусия  каржылаган деген негиз менен 9 телекөрсөтүү каналынын ишин токтотуу чечимин чыгарды.

Украина президенттигинен берилген маалыматта Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Комитетинин Украина Парламентинин мүчөсү Тарас Козакка жана ага таандык телекөрсөтүү каналдарына санкция салуу чечиминин бекитилгендиги белгиленди.

Санкиця боюнча Тарас Козакка таандык 9 телекөрсөтүү каналы 5 жыл ишмердүүлүгүн уланта албайт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул тууралуу социалдык медиадан берген маалыматында өлкөсүнүн басма сөз эркиндигин колдогондугун бирок Украинага кол салган өлкө каржылаган чагымчылдыкты колдобогондугун белгиледи.

Зеленскийдин катчысы Юлия Мендел да каналдарды Орусиянын каржылагандыгы такталгандыгын жана каналдардын Украинага каршы согушта бир каражат катары колдонулгандыгын айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз