Суббота, 20 апреля

Нааразы болгон ата-энелер Бишкек мэриясынын алдына чогулушту

0

Бүгүн, 4-февралда Бишкек мэриясынын алдына чогулган 20дай киши мамлекеттик мектептерди , бала бакчаларды ачууну талап кылышты.

Алар Кыргызстандын башка аймактарында мектептер, башкалаада базарлар жана соода борборлор кадимкидей тартипте иштеп жаткан учурда онлайн окуу уланып жатканына нааразылык билдиришти.

Чогулгандардын алдына чыккан вице-мэр Айжан Чыныбаева борбордогу мектептер менен бала бакчалардын ачылбай жатышынын себебин коронавирустун жайылышынын алдын алуу аракети деп түшүндүрдү.

Анын айтымында, аймактарга салыштырмалуу Бишкектин мектептеринде окуучулар өтө көп. Мындан улам вирустун жайылып кетүү коркунучу күч. Чыныбаева ата-энелер арасында балдарына коронавирус жугат деп кооптонгондор да көп экенин билдирди:

«Бишкекте 200 миңге жакын окуучу бар. Мектептер 211 пайызга толуп калган. Ооба, соода борборлор ачык, бирок ал жакка бир учурда 200 миң адам барбайт», — деди Чыныбаева.

Бишкекте 18-январдан бери 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары мектепте билим алып жатышат.

Мэрия калган класстар да мектептерде окууга өтөрүн пландаган. Эпидемиологиялык абалдан улам 30-январда аларды кадимки тартипте окууга өткөрүү убактысы артка жылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз