Пятница, 26 апреля

“TRT AVAZ” Садыр Жапаров тууралуу фильм көрсөтөт (Видео)

0

Түркиянын “TRT AVAZ” каналы “Halk Lideri Sadır” (Садыр — элдик лидер) аттуу даректүү тасма көрсөтмөкчү. 7-февраль күнү Кыргызстандын сааты боюнча 22.00дө эфирге чыга турган тасмада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өмүр баяны, басып өткөн жолу, саясий бейнеси айтылат.

“ТРТ–АВАЗ” каналы Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Босния-Герцеговина, Албания сыяктуу өлкөлөрдө 8 тилде эфирге чыгат. Түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана ынтымагын бекемдөөнү көздөгөн “TRT AVAZ” каналы, 27 өлкөдө жана 13 автономиялуу республикада жашаган 250 миллиондон ашык көрүүчүлөргө өзүнүн берүүлөрүн тартуулап келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз