Пятница, 19 апреля

SpaceX космоско дагы 60 спутник чыгарды

0

Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан космостук SpaceX компаниясы, космоско дагы 60 спутник жөнөттү.

60 спутникти ташыган Falcon 9 ракетасы Флоридадагы Канаверал Кейп космостук базасынан учурулду.

Учуп чыккандан көп өтпөй капсуладан бөлүнгөн ракета жерге кайтып келди.

Starlink түйүнүнө туташкан спутниктер ийгиликтүү түрдө орбитага жайгашты.

60 Starlink спутнигин ташыган ракета да бүгүн Флоридадагы базадан учурулат.

Жер үстүндөгү станциялар менен иштөө аркылуу спутниктик интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган Starlink спутник долбоорунун алкагында, 2027-жылга чейин космоско 12 миң интернет спутнигин учуруу пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз