Воскресенье, 19 мая

Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун” ачылышына даярданууда

0

20-мартта Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун 2019-жылы Ош шаарынын түрк дүйнөсүнүн борбору катары жарыяланышынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин маалыматы боюнча, стадионду реконструкциялоо жергиликтүү ишкерлердин колдоосунда жүрүп жатат.
Учурда стадиондун фасаддык бөлүгү реконструкцияланды, ошондой эле трибуна, чуркоо тилкеси жана башка инфраструктурасы модернизацияланат.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда стадиондо сахна орнотулмакчы.
Өкмөт башчы бардык курулуш иштерин тиешелүү түрдө аткаруу зарылдыгын көрсөттү.
Ал баса белгилегендей, стадионду реконструкциялоону аяктоого республикалык бюджеттен кошумча каржылоо бөлүштүрүү маселеси чечилет.
Мурда маалымдалгандай, башкы кеңсеси Түркиянын борбору Анкарада жайгашкан түрк элдеринин маданий уюму болуп саналган ТҮРКСОЙ тарабынан Ош шаары 2019-жылы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланган. Анын ачылышы апрель айында Оштун А. Сүйүмбаев атындагы стадионунда болору жарыяланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз