Пятница, 17 мая

Түркия “Шумкар” ракетасын сынады (Видео)

0

Түркиянын Куралдуу күчтөрү “Шумкар” (Atmaca)  ракетасын сынады. Жергиликтүү инженерлер тарабынан жасалган ракета деңиздеги буталарды, анын ичинде кемелерди жок кылууга багытталган. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн арасынан Израиль жана Түркия гана мындай канаттуу ракеталарды жасай алат.

“Шумкар” ракетасы 200 чакырым аймактагы буталарды таамай жок кыла алганын көрсөттү. Түркия бул ракетаны өзүнүн деңиз чек араларына жайгаштыруу аркылуу өлкөнүн коопсуздугун азыркыдан да мыкты камсыздоону максат кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз