Пятница, 17 мая

Жапаров: Өкмөттүн билдирүүлөрүнө гана ишенгиле

0

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, эл арасында жана социалдык түйүндөрдө чыгып жаткан маалыматтар боюнча билдирүү таратты. Жапаров, өкмөттүн расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырды. Жапаровдун кайрылуусу төмөндөгүдөй:

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Соц түйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат.

Кээ бир оюу бузук сайттар, журналисттер да бар.   Мисалы, каржы полициясы ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты.

Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет.

Ошондуктан ар бир жасалган кадамды сындаардан мурда, жыйынтыгын күткүлө урматтуу сынчылар. Жыйынтыгы элдин, мамлекеттин пайдасына чыкканда өзүңөр эле уят болуп каласыңар.

Мурдакыдай бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалчу иштерди түп тамырынан жок кылдык.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз