Четверг, 2 мая

Кайсыл вакцинаны алат элеңиз?

0

Коронавирустун жаңы түрүнө каршы күн сайын жаңы вакцинанын аты аталууда. Фармацевтикалык фирмалар өздөрүнүн вакцинасын мактап көбүрөөк сатууга аракет кылууда.

ДСУнун өкүлдөрү буга чейин 70% таасирдүү болгон вакцинаны пайдалуу деп эсептешээрин айткан. Ал эми амеракалыктар 50 пайызды камсыз кылган вакцинага деле ыраазы. Ал эми Европанын Медициналык академиясы болсо, кысталышты аз таасирдүү вакциналарды деле колдонууга боло турганын жар салышты.

Акыркы изилдөөлөр Pfizer вакцинасы 95%, Moderna 94,5%, Sputnik 92% эффективдүү экенин көрсөттү.

Эң кызыгы вакцина өндүргөн фирмалардын баары жеке менчик болуп эсептелинет. Бир гана Sputnik вакцинасын даярдаган Гамалей фирмасы Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу жана вакцина бюджеттик каражаттарга жасалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз