Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри болуп Акылбек Русланбек дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык тиешелүү буйрука мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Буга чейин Р.Акылбеков жеке юридикалык жана каржылык компаниясынын директору, 2012-жылы Биринчи Май районунун башчысынын орун басары кызматын ээлеп, мамлекеттик жана жеке уюмдарда жетекчилик кызматтарда иштеп келген.