Пятница, 3 мая

Эмне үчүн Бишкектин мэри алмашууда?

0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө даяр экени белгилүү болду. Түлөбаев мындай чечимди кечээ Бишкек шаардык кеңешиндеги айрым депутаттардын ага карата айтылган сындарынан кийин кабыл алганы болжолдонууда. Түлөбаев өзү да депутаттардын арасында коррупцияга аралашкандардын аттары эки-үч күн ичинде белгилүү болоорун айткан.

Түлөбаевдин башка кызматка кетээри айтылууда. Анын Президенттин иш башкармалыгына кызматка дайындалаары күтүлүүдө.

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп 44 жаштагы Эрмек Нургазиев келиши мүмкүн. Тиешелүү буйруктарга кол коюлганын Б.Түлөбаев билдирди. Жаңы жетекчилик жамаатка бүгүн тааныштырылат.

44 жаштагы Нургазиев «Эмма курулуш» компаниясын түзүп, жетектеп келет.

2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, «Кыргызстан» партиясынан №44 орунга жазылган.

Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ал эми шаардык кеңешти шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз