Суббота, 20 апреля

Стамбулда төрөлдү, Стамбул деген ат коюлду

0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Түркиянын Стамбул шаарына учуп барган кыргызстандык келин Стамбул аба майданынын транзит бөлүмүндө толгоосу келген. Ага Стамбул аба майданынын дарыгерлери ыкчам жардамга келип, келинди ийгиликтуу төрөтүп алышкан.

26 жаштагы Шахсанам Кабылжан көз жаргандан кийин баласы менен чогуу шаардын мамлекеттик ооруканасына которулган. Шахсанам Кабылжан жана ымыркайынын абалы жакшы.

Ымыркайдын атасы Мухаммадал Исмаилов Түркия өкмөтүнөн ымыркайга жарандык берүүнү өтүнүп, балага Стамбул деген ат койду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз