Пятница, 3 мая

Жаңы Конституциянын долбоору жарыяланды

0

Жогорку Кеңештин сайтында Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланып, талкууга коюлду. Мыйзам боюнча, Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун колдоп же четке кагып, эгер жактырылса, референдум дайындашы керек.

Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган.

Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Долбоорго ылайык, президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

Өткөн аптада ЖКнын үч депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жөнөкөйлөштүрүп, тез аранын ичинде өткөрүүнү демилгеледи. Алар мыйзам долбоорун коомдук талкуусуз эле үч окуудан тең бир күндө өткөрүүнү сунуштап жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз