Пятница, 17 мая

ДСУ: Коронавирус лабораториядан тараган эмес

0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) менен Кытайдын делегациясы биргелешкен маалымат жыйын өткөрүп, Ухандагы иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялашты.

Делегация коронавирустун лабораториядан жайылган болушу мүмкүн деген божомолдорду жокко чыгаргандыктарын билдирди. Вирустун булагынын чоң ыктымалдуулук менен жарганаттар экендиги баса белгиленди.

Делегациянын айтымына караганда, коронавирустун тоңдурулган продукт чынжырынан жугуу ыктымалдыгы да жогору.

ДСУнун делегациясы вирустун Ухань шаарынан чыккандыгынын да белгисиз экендигин кабарлап, вирустун шаардагы Хуанан базарынын сыртына тарагандыгына байланыштуу дилилдерге көңүл бурду.

Кытай делегациясы болсо вирустун кайсы жаныбардан жуккандыгынын белгисиз экендигин билдирди. Вирустун Ухань шаарынан тарагандыгы боюнча жетиштүү далилдер жок экендигин да жактады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз