Дагы эки аткаминер паракорлук боюнча кармалды

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай мамлекеттик агенттигиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызмат адамдары социалдык объектилерди куруу үчүн бөлүнгөн каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан.

«Жогоруда аталган агенттикке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары жеке курулуш компанияларына мамлекеттик заказдарды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, алардан акча алып турган. Тергөө амалдарынын натыйжасында курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү агенттиктин жетекчилик кызматтагы адамдарына 1 миллион 400 миң сом бергени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам жүргүзүлгөн аракеттердин негизинде Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору А.А.К. жана аталган департаменттин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу координациялык тобунун Э.Р.К. аттуу директору кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз