Бүгүн Бишкек шаардык сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралууда.
Сот имаратынын алдында аны тарапташтары тосуп алып, амандашып, ага дем-күч берип, баары жакшы болоруна ишенерин айтышты.
Буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Курсан Асанов 2021-жылдын 26-мартына чейин камакка алынган.
Эске салсак, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 9-февралда СИЗО-1ден УКМКнын СИЗОсуна которулганы маалым болгон.