Воскресенье, 12 мая

Орусиянын ортомчулугу менен Израиль жана Сирия ортосунда туткундар алмаштырылууда

0

Орусиянын ортомчулугу менен Сириядагы Башар Асад режими жана Израилдин ортосунда туткундар алмаштырылууда.

Режимдин агенттиги САНАдагы кабарда : «Туткундарды алмаштыруу азыркы учурда Орусиянын ортомчулугунда жүргүзүлүүдө. Оккупацияланган Голандан сириялык туткундар Нихал  Ел  —  Макт жана Зияб Кахмуз Израилдин зындандарынан кутулат»,- деп маалымдалды.

Кабарда бул туткундар менен Сириянын түндүгүндөгү Кунейтра облусуна «жакылыштык менен киргенден кийин камалган» израилдик жаш кыздын алмаштырылары билдирилди.

Кечээ Израиль басма сөзүндө чыккан кабарларда Израиль башкаруусунун Орусиядан Сирия менен байланыштуу адамзаттык бир темада жардамчы болушун сурангандыгы билдирилди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз