Пятница, 22 ноября

Сутка ичинде коронавирус 83 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 83 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 22, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 58 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 3 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 411 бейтап, амбулатордук түрдө 386 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 201 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 140 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 772 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 583 киши айыгып чыкса, 1 миң 450 адам каза болду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз