Пятница, 22 ноября

Ооганстанда Талибан кол салуусу болду

0

“Талибан” кыймылы согушчандарынын куралдуу кол салуусунан Ооганстанда араларында жай тургундар да бар болгон 9 киши каза болду.

Окуя Дайкунди аймагынын Пату районунда болгон.

Аймактын губернатору Мухаммед Зии Хамдарддын айтуусунда куралдуу согушчандар Испармаи айылына кол салышкан.

Натыйжада сегиз жергиликтүү жаран жана бир коопсуз күчтөрүнүн кызматчысы каза болгон. Ондон ашуун адам жараат алган. Жаралуулардын көпчүлүк бөлүгүн жай тургундар түзөт.

“Айылга кошумча аскер күчү жиберилүүсүнөн кийин согушчандар артка чегиништи” – дейт Хамдард.

Бул окуя тууралуу талибдер комментарий бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз