Понедельник, 25 ноября

ДСУ Гвинеяга 11 000 доза вакцина жиберет

0

ДСУ Гвинеяда кайрадан чыккан эбола эпидемиясына каршы бул өлкөгө 11 000 доза вакцина жиберет.

ДСУнун Африка боюнча директору Матшидисо Моети Гвинеяга 100 эксперт жана 11 000 доза эбола вакцинасынын 21 —  февраль жекшемби күнү барарын билдирди.

Вакциналардын 22 —  февралда бериле баштай тургандыгын айткан Моети АКШдан кошумча 8 600 доза вакцинанын дагы алынышы пландалып жаткандыгын айтты. Моети Гвинеяда эпидемия башталган  аймактын чек арада экендигин ошондуктан бардык Сахаранын түштүк бөлүгүнүн даяр абалда экендигин баса белгиледи.

Батыш Африкадагы Гвинеянын чек ара коңшуларынын арасында Сенегал,  Мали, Кот-д’Ивуар, Либерия, Сиерра Леоне жана Гвинея-Бисау бар.

Эболадан улам 6 киши каза болуп, 125 вирус жуктурган Гвинеяда 13 —  февралда эбола эпидемиясы жарыяланган. Гвинеяда 2016 – жылдан бери эбола боюнча  өлүм  — житим катталган эмес.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз