Пятница, 10 мая

Максат ажы Токтомушев пара сунуштаганбы? (Видео)

0

Социалдык түйүндөрдө Максат ажы Токтомушевдин УКМКнын кызматкерлерине пара сунуштаганы тууралуу видео тарады. Ал видедогу маек төмөндөгүдөй мазмунга ээ:

Максат ажы Токтомушев: ”Мындай эле кылгыла, он ондон алып алгыла дагы,сексенди раскидайте. Эркекче эле тушүндүңөрбү?  Мен ага, мен айтканмын,биерде менин немем жок да. Куда кааласа, өзүмө тиешелүү бизнестерим толтура. Мурунтан эле билесиңер,неме кылган жокпуз иншалла. Мындай, эркекче элечи”.

УКМА кызматкери: “Тергөө айтып жатпайбы, мынча процент чыккан депчи. Аны эсептеп чыгарып алыптыр”.

Максат ажы Токтомушев: “Жеңиш акеге мындай деп айтып койдум. Полный эсеп даяр эмес, азыр 40 миң даяр экен, кечинде дагы бир досундагы отузду берип турат. “Дордойдо”иштеген достору дагы бар.Эртенкиге полносьтю толуктап беришет.”

Анткен менен Максат ажы Токтомушев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирүү таратып, көп нерсени айта турган учур келгенин эскерткен. Максат ажы Токтомушевдин билдирүүсү мындайча:

Ассаламу алейкум рахматуллохи ва баракатуху кыргыз элим.

Сиздерге ушул кайрылууну туура кордум.Окуп коёсуздар деп ишенем.

Буйруса олкобуздун тынчтыгы учун коп нерселерди айтпай келдим эле.

Мына бугунку видео тууралу бир гана нерсени суранмакмын: шашылыш чечим чыгарбай,эч кандай ойго келбей турунуздар.

Мен дагы ал видеого коментарий бербей турмакчымын.

Себеби бул ар турду кылып кыркып,тескери мааниге ээ кылышыптыр.

Элибиздин тынчтыгы учун мен коп нерсеге коз жумуп келгем.

Эми биз деле айта турган кундор келиптир.

Ошондуктан алдын ала адамды каралабай,сын такпай,бираз сабыр кылып туурунуздарды суранам.

Акыйкат созсуз келет.

Ошондо анан созду да айтабыз,сиздерди да угабуз.

Тушунуп турганыныздарга терен ыраазычылык билдирем.

Аллах таала жузубузду жарык кылсын,жана журокту ыйманга толтурсун.

Жай эс алыныздар.

Сиздерди колдойт деп ишенем..

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз