Суббота, 20 апреля

Эквадордо түрмөдөгү башаламдыкта 50дөн ашуун туткун өлтүрүлдү

0

Эквадордо үч түрмөдөгү чыккан башаламандыкта 50дөн кем эмес туткун өлтүрүлдү.

Гуаякиль, Куэнка жана Латакунгадагы төрт түрмөдө көтөрүлүш чыккан.

Бийликтин берген маалыматына караганда, бул кагылышуулар кылмыштуу топтордун “макулдашылган аракеттеринин” натыйжасы экендиги айтылган.

Өлкөнүн президенти Ленин Морено коопсуз күчтөрү Латакунга, Куэнга жана Гуаякиль түрмөлөрүндө көзөмөлдөөнү калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.

Морено Твиттер баракчасында: “Кылмыштуу топтор өлкөнүн бир нече түрмөлөрүндө зомбулук аракеттерин жасашат. Бийлик жана полиция Гуаякиль, Куэнга жана Латакунга түрмөлөрүндө көзөмөлдү кайтарып алуу үстүндө иштеп жатат” – деп жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз